Суббота, 18 мая

14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалды

0

Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

8-сентябрда, Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган.

«Тергөөнүн жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды», — деп жазылган маалыматта.

Шектүү 9-сентябрь күнү, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз