Воскресенье, 5 мая

Балтика жана Польша өлкөлөрү орусиялык туристтерге чектөө киргизет

0

Шенген визасы бар орусиялык туристтердин Эстония, Латвия, Литва жана Польшага кирүүсүнө 19-сентябрдан тарта чектөө киргизилет.

Эстониянын премьер-министри Кая Каллас пресс-конференция учурунда: «Латвия, Литва жана Польша менен биргеликте туристтик максатта саякаттоону каалаган орусиялык жарандардын кирүүсүнө олуттуу квота берүүнү каалайбыз»,- деди.

Каллас белгилегендей, коопсуздук максатында 19-сентябрдан тарта орусиялык жарандардын, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын, дипломаттардын жана гуманитардык саякатчылардын кирүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу да орус жарандарына Эстонияга барбоого кеңеш берип: «Бул жерде жакшы кабыл алынбайсыздар»,-деди.

Ички иштер министри Лаури Лаанеметс 19-сентябрга ишарат кылып, Шенген визасы бар орус жарандары бул күндөн тарта Эстонияга туризм, спорт жана маданий максатта кире албай турганын айтты.

Министрлик бул чечим менен күн сайын барган 400-500 орус зыяратчынын санынын 100гө чейин азаярын болжолдоду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз