Четверг, 2 мая

ӨКМ эскертет: Аба ырайы кескин өзгөрөт

0

12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, чукул билдирүү таратты.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 12-13-сентябрь күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз