Англиянын ханышасы Елизавета II нин расмий акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда болору кабарланды.
Букингем сарайынан жасалган билдирүүдө бейшемби күнү каза болгон каныша II Елизаветанын жаназасынын 19-сентябрда борбор шаар Лондондогу Вестминстер Аббей чиркөөсүндө өткөрүлө турганы белгиленди.
Тарых бою падышалар менен канышалардын таажы кийүү аземдерин өткөргөн бул чиркөөдө каныша Елизавета II жана анын күйөөсү принц Филипп 1947-жылы баш кошушкан.
2000ге жакын адамдын жогорку деңгээлдеги протоколдорунун катышуусу күтүлүп жаткан аземге дүйнөнүн бардык жеринен мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Кечээ расмий түрдө Англиянын жаңы королу болгон король Чарльз III канышаны акыркы сапарга узатуу күнүн өлкөдө расмий эс алуу күнү деп чечти.
Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи жана расмий эс алуу күнү менен өлкөдө аза күтүү процессинин аякташы күтүлүүдө.