Четверг, 2 мая

Армения менен Азербайжандын кагылышуусунан 49 армян, 50 азербайжан аскери өлдү

0

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Армяндар менен болгон кагылышууда 50 аскери курман болгонун маалымдады. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен болгон кагылышта 49 аскери каза болгонун билдирди.

Пашинян Армения парламентинде сүйлөгөн сөзүндө бүгүн эртең менен Азербайжан менен кагылышуулар басаңдаганын белгилеп: «Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бизде учурда 49 адам каза болду, бирок бул акыркы көрсөткүч эмес», — деди.

Пашинян ошондой эле Армениянын Коопсуздук кеңеши түндө чогулуп, таң атканга чейин кеңешүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

Пашинян жолугушуунун жыйынтыгында Армения өкмөтү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) расмий кайрылууну чечкенине көңүл бурду.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кечээ кечинде Армения армиясынын чек аранын Дашкесен, Келбежер жана Лачын багыттарында кеңири провокация жасаганын жарыялады.

Азербайжан-Армения чек арасында эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда катуу кагылышуу чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз