Воскресенье, 19 мая

Чек арадагы атышуу токтоду, бирок кырдаал чыңалуу бойдон калууда

0

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат. Маалыматка ылайык, Паскы-Арык аймагындагы «Самаркандек» чек ара бекетиндеги ок атышуу токтотулду.

Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасындагы ок атышуу токтоду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Акыркы атышуу болгон Паскы-Арык жерлигиндеги эки тараптын жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми саат 14:00гө карата Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз