Воскресенье, 19 мая

Украина Орусияга каршы күрөшүн улантып жатат

0

Украинанын коргоо министринин орун басары Ханна Малиар, 6-сентябрдан бери Харьков аймагындагы 300дөн ашуун калктуу конуштун орус аскерлеринен кайтарылып алынганын билдирди.

Ханна Малиар Украинанын көзөмөлүнө өткөн Балаклия шаарында, Харьков аймагында орус күчтөрүнө каршы башталган чабуулдар тууралуу маалымат берди.

6-сентябрдан бери болжол менен 3800 чарчы километр аянттын орус күчтөрүнөн кайтарылганын билдирген Малиар: «300дөн ашуун калктуу конуш жана 150 миңдей элибиз баскынчылыктан куткарылды»,- деди.

Малиар аймактагы орус күчтөрүнө каршы кол салуулардын уланып жатканын жана Харьков аймагы толугу менен кайтарылганга чейин да улана турганын белгиледи.

Харьков облусунун Аскердик башкаруусунун губернатору Олег Синегубо, Украина армиясы баштаган каршылык чабуулга чейин Харьков аймагынын 30 пайызы орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүчтүн 15 пайыз болгонун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз