Пятница, 20 сентября

Бразилияда Гүлендин  белгилүү тарапкерлеринин бири кармалды

0

Түркия Бразилиянын сотуна террорчуну берүү талабы менен кайрылган.

“Параллелдүү мамлекет” (FETÖ) террордук агымынын тарапкери  Али Сипахи Түркиянын өткөрүп берүү талабы менен кармалып, Бразилияда 5-апрелден бери камакта кармалууда.

Бразилиянын укук коргоо мекемелеринин маалыматына ылайык, Сипахини кармоо боюнча чечим 19-мартта Бразилиянын Федеральдык жогорку соту тарабынан кабыл алынган. Кармоо иш чарасы Сан-Паулудагы Гуарульюс Эл аралык аэропортунда Фетхуллах Гүлендин агымынын тарапкери АКШдан келген учурда  ишке ашырылган.

Түркия ага чейин эле Бразилиянын сотуна террорчуну кармоо талабы менен кайрылган. Маселе 3-майда Бразилиянын Федералдык жогорку сотунун жыйынында судья Луиш Эдсон Фашиндин төрагалыгы астында каралат.

Бразилиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Али Сипахи өлкөдө 2007-жылдан бери жашап келатат, ал эми 2016-жылы 13-октябрда Бразилия жарандыгын алган.

Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Гүлендин агымынын тарапкерлери болгон тобу 2016-жылы 15нен 16-июлга караган түнү өлкө бийлигин куралдуу төңкөрүш жолу менен басып алуу аракетин көргөн. Хунтанын бул аракети өлкө жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле карапайым жарандардын кескин каршылыгынан улам кескин түрдө ооздукталган. Анда 251 адам каза болгон.

Террордук агымдын жетекчиси учурда АКШда баш калкалоодо. Анкара аны экстрадициялоону талап кылып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз