Пятница, 20 сентября

Элчибиз Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды

0

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевди Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган кабыл алды.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүралиев Кубанычбек Касымович ишеним грамотасын тапшырды жана жолугушуу убагында элчи Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын айтты.

Элчини жаңы кызматы менен Эрдоган куттуктап ийгилик каалады. Эки боордош өлкөнүн карым-катнаштарынын мындан ары да тереңдеп уланышын жана Өкмөттөр аралык жогорку стратегиялык кеңештин кезектеги жыйынынын үстүбүздөгү жылда Түркияда өткөрүлүшү тууралуу сунушун билдирди.

Буюрса көптөгөн иштерди биргелешип аткара тургандыгын, Кыргызстан менен Түркиянын карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн ушул жерге келгенин Элчи Өмүралиев билдирди жана Президентке ыраазычылыгын билдирип, ден-соолук каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз