Четверг, 2 мая

Түрк мамлекеттери уюму: Кыргызстанды колдойбуз

0

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) баш катчысы Багдад Амреев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга кабатырлыгын билдирди.

Баш катчы билдирүүсүндө тараптарды ок атышууну токтотууга жана чатакты тынч сүйлөшүп, дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Уюм эл жашаган аймактарды жана жарандык обьекттерди, мектептерди оор согуштук артиллерия менен аткылоону жана баскынчылыкты айыптады. Билдирүүдө уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга кылдаттык менен көз салып, ТМУнун негиздөөчүсү — Кыргызстандын тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү аракеттерин колдоого аларын белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз