Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу «Кабарга» министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйындын ишине төмөнкүлөр катышууда:
— Президент Садыр Жапаров;
— ЖК төрагасы Талант Мамытов;
— министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров;
— Башкы прокурор Курманкул Зулушев;
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.