Суббота, 18 мая

Тажик тарап Чоң-Алайдагы чек арадан да аткылай баштады

0

Тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы айылдарды дагы аткылай баштады. Бул тууралуу Кыргызстан УКМКсынын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашууну бузуп, саат 12:37де миномёт жана артиллериялык курал менен Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылай баштаган. Мындан улам кыргызстандык жоокерлер жооп иретинде ок чыгарган. Бирок абалды курчутпоо үчүн атышууну биринчи болуп токтоткон.

Мындан тышкары, саат 12:30-12:35 аралыгында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин бөлүктөрү аткыланган.

Азыркы тапта атышуу токтоп, окуя иликтенүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз