Воскресенье, 5 мая

Садыр Жапаров чек арадагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы куралдуу чыр-чатакта Мекен чегинде курман болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал маркумдар бүткүл Кыргызстандын сыймыктуу уул-кыздарына айланганын белгилеген.

«Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.
Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем», — деп жазды президент Жапаров.

Садыр Жапаров Тажикстан тараптан да оор жоготуулар болгонун белгилеп, чек ара, жер талаш маселеси кан менен коштолуп келгенин эскертип кеткен.

«Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!» деген президент Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталып бүткөндөй эле, Тажикстан менен да чек араны ыкчамдатып чечүү аракети токтобой турганын бекемдеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз