Понедельник, 25 ноября

Изюмда табылган сөөктөр кыйнап өлтүрүлгөн

0

Украинанын  чыгышындагы Харьков аймагына караштуу Изюм шаарындагы мазарлардан экспертиза жана өздүгүн тактоо үчүн сөөктөр чыгарыла баштады.

Бир жума мурда орус күчтөрүнөн алынган  Изюм шаар борборунун тышында көпчүлүгү ысымсыз болгон көп сандаган мазар  табылды.

Номерлер берилген мазарлардын айланасы полиция тарабынан курчоого алынды. Андан кийин полиция прокурорлордун коштоосунда мазарларды ачып, сөөктөрдү чыгара баштады.

Харьков облусунун Аскердик башкаруусунун төрагасы Олег Синегубо бул мазарларда жарандар менен Украина аскерлерина таандык 450гө жакын кишинин бар экендигине ишенгендерин жана чыгарылган сөөктөрдүн экспертизасы менен өздүктөрүнүн аныкталарын белгиледи.

Синегубо Украина полициясы менен прокурорлордун да эл аралык коомчулукка маалымат берүү жана келечекте бул окуяга каршы иш козгоо үчүн иликтөөлөрүн улантып жатканын айтты. Бул мазарларда көмүлгөндөрдүн 99 пайызынын нормалдуу шарттарда каза болбогондугун айткан Синегубо : «Көпчүлүгүндө кыйноонун издери бар. Көп сандаган баланын жаназасы менен бирге колдору аркасына байланган сөөктөр да табылды. Дүйнө мунун Укриана калкына карата жасалган кыргын экендигин билишин каалаймын»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз