Пятница, 3 мая

Баткен: Жабыркагандардын саны 103 кишиге жетти

0

Тажик тараптын кол салуусунан жарадар болгон кыргызстандыктардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жараат алгандардын басымдуусуна ок жана снаряддын чачырандысы тийгени айтылууда.

Ушул тапта алардын ичинен Баткен облустук аймактык ооруканасында 41 адам, Лейлек райондук ооруканасында 21, Кулунду айыл аймагынын ооруканасында үч, Сүлүктү шаардык ооруканасында алты, Улуттук госпиталда 20, Улуттук хирургия борборунда бир адам, Балдардын республикалык ооруканасында алты бала дарыланууда.

16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Тажик бийлиги жоготуулары тууралуу расмий комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз