Бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү

0

Кыргызстан бүгүн Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жарандарын жоктоп, аза күтүп жатат.

Куралдуу кагылышта 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар дагы бар.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз