Суббота, 18 мая

Баткен: Жабыркагандардын саны 163кө жетти

0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда алган жаракатынан улам ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн эртең менен 163кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анда 19-сентябрга караган түнү дагы 19 адам ооруканаларга кайрылып, 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү айтылат.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болду. Буга байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүүдө. Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Кол салуудан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз