Четверг, 25 апреля

Камчыбек Ташиев тажик кесиптеши менен жолугушту

0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 19-сентябрда тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Ятимов эки тарап тил табышканын айтып, эми тынчтык орнойт деген ишенимин билдирген. Ал эми Камчыбек Ташиев тынчтык орнотуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшала турганын белгилеген.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Протоколго кыргыз тараптан Камчыбек Ташиев, тажик тараптан Саймумин Ятимов кол койду.

«Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда», — деп айтылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз