Суббота, 4 мая

Баткен: Жабыркагандардын саны 183 адамга жетти

0

Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрь, саат 22:00го берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алган дагы 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 21 киши үйүнөн дарыланууга жиберилди. Жарадарлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы бейтапканаларда.

Жараат алгандардын 12си бала, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар экени кабарланган.

«Керектүү дары-дармек, кан жана башка медициналык жабдуулар жетиштүү» деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрда кеминде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз