Суббота, 4 мая

Садыр Жапаров БУУда сөз сүйлөдү

0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туурасында сүйлөп, Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз, куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акцияларды жасап жаткандыгын билдирди.

«Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди… Ал эми ушул жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады», — деди Жапаров.

Анткен менен Жапаров кепке келүү, сүйлөшүүгө Кыргызстан даяр экендигин айтты.

«Тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз», — деп белгиледи Жапаров.

Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жана өткөн жылдардагы адам өмүрүн алган окуяларды мисал келтирди. Чек араларды тактоо боюнча макулдашууларга кол коюп, аны аткарууга эки өлкө тең милдеттенме алганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз