Суббота, 18 мая

Орусияда аскерден качкандар катуу жазаланат

0

Орусияда мобилизациядан качкандардын жазасы күчөтүлдү.

Аскердик мобилизациядан качкандардын абак жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думадан өттү.

Мыйзам долбоорунун негизинде Орусиянын аскердик жаза кодексине ар кандай өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам долбооруна ылайык, душмандын армиясына өз ыктыяры менен багынып берген жоокерлер 10 жылга, ал эми согуш учурунда талап-тоноочулук кылгандар 15 жылга кесилиши мүмкүн. Мобилизация учурунда аскердик милдетти өтөөдөн качкандар үчүн жаза мөөнөтү да 5 жылдан 10 жылга чейин көбөйтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз