Суббота, 21 сентября

Чек ара чырында жабыркагандардын саны 198 адамга жетти

0

Саламаттык сактоо министрлиги 20-сентябрь, саат 22.00го карата берген маалыматына караганда, чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди.

Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат.

Министрлик бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экенин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз