Воскресенье, 28 апреля

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди

0

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди. 21-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыгы менен кошо кайрылуусу жарыяланды.

Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Буга чейин ал коңшу мамлекетте мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлө турганын айтып, президенттик мөөнөттү карап чыгуу керек деген жыйынтыкка келгенин кошумчалаган.

Эске салсак, Токаев Казакстандын башчылыгына 2019-жылы март айында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев өз эрки менен кызматтан кеткенден кийин келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз