Суббота, 4 мая

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон расмий иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

0

Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапары аяктап, Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы 193 өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары жана делегациялары катышкан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебатына катышып, сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы БУУнун Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, Уюм менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз