Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрүндө жол эрежесин бузгандарды каттаган көчмө камералар кайрадан иштей баштады. Мындай аппараттар жыл жаңыргандан бери көрүнбөй калган.
ЖКККББнын маалымат кызматы камералар кайрадан коюлганын ырастап, алар бүгүн, 22-сентябрдан тарта, иштеп баштаганын кабарлады.