Воскресенье, 19 мая

Түркиянын Бурса шаарында «Манас» эпосунун жумалыгы өтүүдө

0

Түркиянын Бурса шаарында кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы 21-сентябрдан баштап бир жума «Манас» айтышат.

Бир жума бою шаардын «Меринос» маданий паркында атайын тигилген боз үйлөрдө «Манас» айтылып, маданий иш-чаралар уюштурулат.

Шаршембиде бул иш-чаранын ачылыш аземине Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙ уюумунун баш катчысы Султан Раев жана Анкарадагы элчи Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Түркиядагы «Манас жумалыгы» IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз