Четверг, 9 мая

Германия согушуудан баш тарткан орус жарандарына саясий башпаанек берет

0

Германия согушуудан баш тарткан орус жарандарына саясий башпаанек берет. DW басылмасы, немистердин расмий бийлгине таянып жазган материалында, Орусиядагы мобилизациядан баш тарткан орус жарандарына саясий башпаанек бериле турганын маалымдады. Тиешелүү буйрук Германиянын Миграция жана качкындар боюнча федералдык мекемесине берилди. Саясий башпаанек согуштан качкан дезертирлерге да берилээри баса белгиленди.

Мындан үч күн мурун, 21 сентябрда Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу жарым жартылай мобилизация башталган. Бирок согушууну каалабаган миңдеген орус жараны өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз