Четверг, 9 мая

Үч буттуу камералар кайра алынды

0

Буга чейин Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрүнө коюлган жол эрежесин бузгандарды каттаган көчмө камералар кайра алынды.

Эске салсак, мындай камералар көптөн бери көрүнбөй калып, 22-сентябрда кайра пайда болгон.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев көчмө камералар убактылуу алынганын айтып, себебин түшүндүрдү.

«Негизи бул иш менен Санарипти өнүктүрүү министрлиги алектенет. Мыйзам боюнча, көчмө камералар турган жерлерге алардын бар экенин эскерткен жол белгилери коюлушу керек. Азыркы тапта аларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошол себептен көчмө камералар алына турду. Жол белгилер толугу менен коюлуп бүткөн соң алар кайра жол, көчөлөрдө пайда болот», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз