Пятница, 3 мая

Чек ара чырында каза болгондордун саны 62ге жетти

0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Баткен облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Ал жараат алгандар 198 киши экенин, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтты. Жабыркагандардын 171и эркектер, 14ү аялдар, 13ү балдар. Бишкектеги Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үч киши жатат.

Бөрүбеков кагылыш болгон аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, фельдшердик-акушердик пункттар зыян тартканы кошумчалады.

14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстандын кошуна өлкө менен чектеш айылдарында жүздөгөн үйлөр талкаланган. Тургундар убактылуу коопсуз аймактарда баш калкалап жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз