Суббота, 18 мая

Мектептеги ок атуу. Жапаров Путинге көңүл айтты

0

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге мектепте атылган октон адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Россиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөcүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм», — деп телеграмма жөнөткөн президент.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-сентябрда, Ижевск шаарында белгисиз киши мектепке кирип ок атып, 15 адам, анын ичинен 11 бала каза болду. Ошондой эле 24 адам (22 жаш бала) жаракат алган. Кол салган киши кылмышынан кийин өз жанын кыйган. РФ Тергөө комитети ал ушул мектептин бүтүрүүчүсү экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз