Вторник, 21 мая

Казакстанга Орусиядан келгендер көбөйдү

0

Казакстан орус жарандарынын өлкөгө кетишине байланыштуу окуяларды кылдаттык менен байкап жатышканын, олуттуу коркунучтар болсо эл аралык жана улуттук мыйзамдардын алкагында керектүү чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Казакстандагы кээ бир жарандардын Орусиядан өлкөгө баргандардын санынын көбөйүшүнө тынчсызданганы белгиленди.

Билдирүүдө өлкөнүн инфраструктурасы учурдагы миграциялык кырдаалдан кыйынчылыксыз чыгуусу үчүн тейлөө объектилери өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде иштеп жатканы айтылды.

Ошондой эле, «Оор тобокелчиликтер болгон учурда эл аралык укукту жана улуттук мыйзамдарды эске алуу менен тиешелүү чаралар көрүлөт»,делди.

Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө өлкөнүн Орусия менен болгон чек ара дарбазасынан Казакстанга өтүүнү каалагандардын саны өскөндүгү айтылды.

Билдирүүдө, учурда 30 автожол чек ара дарбазасы кадимки режимде иштеп жатканы белгиленип:»Алардын төртөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу тыгындарды жаратууда. Кырдаал өзгөчө көзөмөлгө алынды»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган дүйшөмбүдөн тарта Казакстанга орус жарандарынын агымы токтобой келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз