Пятница, 22 ноября

ЖАМУдагы жасалма дипломдордун жаңжалы

0

Башкы прокуратура Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 82 студент жасалма документ аркылуу диплом алганы аныкталганын билдирди. Анда аталган окуу жайды текшерүү маалында бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө мыйзам бузуу фактылары катталганы жазылган.

“Университеттин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү облус аймагындагы райондордогу мектептерде эки-үч жыл иштегени тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн тапшырып, жогорку окуу жайды бүтүргөнү тууралуу дипломдорду алып кеткен. Документтерди текшерүүдө алар мектептерде иштебегени аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын эсебинде, мамлекетке 600 миң сомго жакын зыян келтирилген. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз