21-сентябрдан баштап Кыргызстанда Орусиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Орусиянын 170 миң 3 жараны каттоодон өткөн.
Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Орусиянын 141 миң 323 жараны катталган.