Суббота, 4 мая

Путин АКШнын чалгынчысына жарандык берди

0

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге орус жарандыгын берди.

2013-жылы жарыялаган документтер аркылуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Британиянын чалгын кызматы менен дүйнө жүзү боюнча тыңшоо иштерин жүргүзүп жатканын ачыкка чыгарган Сноуден ошондон бери Орусияда туруктуу жашоого уруксат менен жашап келген.

Сноуден ачыкка чыгарган документтер, Улуттук коопсуздук агенттиктин АКШнын чет өлкөдөгү миссияларда уюштурулган жашыруун бөлүмдөр аркылуу чет мамлекеттердин өкмөттүк имараттарын тымызын тыңшаганын көрсөткөн.

Ал арада Sputnik агенттигине маек куруп берген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Сноуденге орус жарандыгы өзүнүн өтүнүчү менен берилгенин айтты.

Песков Путиндин Эдвард Сноуден менен жолугушууну пландабаганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз