Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөгөн облустарында Орусияга кошулуу тууралуу жасалма референдумдардын баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Аймактагы Москва дайындаган жетекчилердин билдиришинче, Донецкте добуш бергендердин 99,23% Орусиянын курамына кирүүнү колдоду. Ал эми бул көрсөткүч Луганскта 98,42, Херсондо 87,05% жана Запорожьеде 93,11% түздү.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев добуш берүү аяктаганга саналуу сааттар калганда Телеграм-каналына “Референдум аяктады. Жыйынтыгы анык. Орусияга, үйгө кош келдиңер!”, — деп жазды.
Ал эми бул референдумдун жыйынтыгын азырынча чет өлкөлөрдөн эч кандай мамлекет тааный элек. Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча өкүлү Петер Стано, референдумду “жасалма” деп атады жана ал аймактар Украинага караштуу экенин баса белгиледи.