Суббота, 27 апреля

Министр Алмазбек Бейшеналиев кармалды

0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматта министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалдыгы айтылат.

«Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз