Суббота, 20 апреля

Түркияда Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

0

Түркиянын Изник шаарындагы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт. Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Ачылыш аземи башталардын алдында Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкөнүн президенти, ошондой эле башка делегация башчылары Оюндардын ачылыш аземи өтүп жаткан стадионго өтүштү.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз