Пятница, 26 апреля

Рысбай Исаков Гиннесс Рекорддор китебине катталды

0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков 124 саат тыным албай “Манас” эпосун айтып Гиннесс Рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Манасчы Рысбай Исаковго сертификат Түркия мамлекетинин Бурса шаарында ыйгарылды.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Түркиянын Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына «Манас» эпосунун жумалыгы өттү. Анда манасчы Рыспай Исаков 124 саат тыным албай Манас айтты. Эки күн мурун социалдык тармакка анын Манас айтып жаткан видеосу тарап, коомчулукта ар-түрдүү кептерге жем таштап, Рыспай Исаковдун дарегине сын-пикирлер жааган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз