Четверг, 2 мая

Сегиз айда жол кырсыгынан 379 жаран көз жумду

0

2022-жылдын сегиз айында жол кырсыктарынан 379 киши каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Ал быйылкы сегиз айда жол кырсыктары 9 пайызга жакын, андан каза болгондордун саны 31,3% азайганын кошумчалады.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн, 4-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз