Пятница, 17 мая

9 жылда Жер Ортолук деңизинде 25 миң мигрант чөгүп өлдү

0

Акыркы 9 жылда мыйзамсыз 25 миң мигрант Жер Ортолук деңизинен өтүүгө аракет кылып жатып каза болду.

Италиянын Лампедуса аралына жакын жерде 2013-жылы 3-октябрь күнү 368 мыйзамсыз мигрант  анын ичинен 83 аял, 9 бала каза болгон апааттан бери 9 жыл өткөнүнө карабастан Жер Ортолук деңизинде Африкадан Европага өтүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттар бул коркунучтуу жолдо каза болууну улантууда.

БУУнун Эл аралык Миграция Уюмунун Жер Ортолук деңиз филиалы Жер Ортолук деңиздин ортоңку бөлүгүндө болгон алгачкы чоң апаттардын бири болгон окуядан бери 9 жылда каза болгон мигранттрадын саны 25 миңге жеткендигин билдирди.

Эл аралык Миграция Уюму БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы БУУнун Балдарга Жардам Фонду ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык мекемелердин  маалыматтарына караганда бул апааттан бери каза болгон 25 миңге жакын мигранттан 20 миңи Жер Ортолук деңизинде каза болду.

Жер Ортолук деңизинде бир гана бул жылдын калган мезгилинде 1400 кишинин каза болгондугу же дайынсыз жоголгондугу белгиленди. Булардын 84 пайызы Жер Ортолук деңизинин ортоңку бөлүгүндө «коркунучтуу» миграция багытында Европага баруу үчүн каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз