Суббота, 4 мая

Зеленский: Путин менен сүйлөшпөйбүз

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен согуш тууралуу сүйлөшүүнүн мүмкүн эмес экендигине байланыштуу бир жарлыкка кол койду.

Украина президенттигинин интернет сайтында жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Зеленскийдин  тиешелүү чечимге кол коюп, Орусиянын Украина жерлерин аннексиялоосуна каршы көрүлө турган беренелерди камтыган;  Украина Улуттук Коопсуздугунун 30-сентябрда даярдаган жарлыктын күчүнө киргени маалым болду.

Жарлыктын биринчи параграфында: «Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө болбойт»,- деп айтылды.

Орусиянын Украина аймагынан чегинүүсү үчүн керек болгон кадамдардын ташталышы,  орус аскердик чабуулдарынын мизин кайтаруу, украин армиясынын күчтөндүрүлүшү, армияны көбүрөөк машыктыруу, коргонуу өнөр жайын чыңдоо жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн эл аралык колдоо көрсөтүү үчүн көрүлө турган чараларды камтыган жарлыкта төмөнкүлөр белгиленди : «Украинанын президенти Украина Жогорку радасынын (парламент) спикери жана Украинанын премьер-минстринин Түндүк Атлантика Келишими Уюмуна биргелешкен кайрылуу тексти бекитилиши керек».

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз