Суббота, 18 мая

Кулубаев Азербайжандын элчиси менен жолукту

0

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-азербайжан эки тараптуу мамилелеринин маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

«Жолугушууда ошондой президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарлар талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз