Понедельник, 20 мая

Грецияда пенсионерлер митингге чыкты

0

Грециянын борбору Афинада пенсионерлер айлык маяналарын көбөйтүүнү талап кылып митингге чыгышты.

Парламент имараты жайгашкан Синтагма аянтына чогулган пенсионерлер премьер-министрликтин имаратын көздөй басышты.

Митингде  пенсионерлер минималдык пенсияны 384 евродон 650 еврого көтөрүү, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо үчүн мамлекеттик ооруканаларга кошумча кызматкерлерди алуу, өлкө катары гуманитардык жардамдан башка согуштарга катышпоо сыяктуу талаптарын билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз