Понедельник, 20 мая

Түрк министр туристтерди тартуу үчүн тереңдике сүздү

0

Түркиянын Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой Галлиполи аймагына суучулдарды тартуу үчүн 27 метр тереңдикке чумкуду. Министр суунун астында жаткан Лунди кемесинин ичине кирип, ары-бери аралай сүзүп чыгып, өз көзү менен көргөндөрүн, сезимдерин журналисттер менен бөлүштү.

«Бүгүн биз Сувла булуңунда тарыхый сууга чөмүлдүк. Бул жерде 1904-жылы курулган Лунди кемеси бар. Кеме чөгүп кеткен. Бирок азыр да формасын жоготпоптур. Кудум өзүңдү кемеде жүргөндөй сезет экенсиң» — деди министр Мехмет Нури Эрсой.

Белгилей кетсек,  Галлиполи тарыхый суу асты паркы Эгей жана Мармара деңиздери бириккен жерде жайгашган. Галлиполи суу асты байлыктары менен суучулдардын көңүлүн буруп келет.

Кошумчалай кетсек, Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги Чанаккалени дүйнөнүн эң маанилүү сууга түшүү туризминин борборлорунун бирине айлантуу үчүн 2017-жылы «Галиполи тарыхый суу асты паркы» долбоорун иштеп чыккан. Эки жылга созулган инвентаризациялык изилдөөлөрдөн кийин 150 чакырымды түзгөн сууда сүзүүгө ылайыкташтырылган дестинация жасалган.  Аталган суу асты паркы былтыры 2-октябрда пайдаланууга берилген.

Жандыктардын жүздөгөн түрү жана тарыхта биринчи жолу Галли кометасынын көрүнгөн жери катары белгилүү Бебек рифтери да Галлиполи тарыхый суу астындагы паркында жайгашкан. Бебек рифтери дайвингди көргүсү келген суучулдарга жүздөгөн түстөрдү жана түрлөрдү сунуш кылып, эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулайт.

Галлиполи согушу болгон аймакты коргоо жана кийинки муундарга Галлиполи согуштары тууралуу маалыматтарды жеткирүү максатында 2014-жылы Галлиполи тарыхый жайынын дирекциясы түзүлгөн. Бул жер эң жакшы сакталган согуш зонасы катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз