Пятница, 3 мая

Түндө Иранда жер титиреди. 135 адам ооруканада

0

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында түндө болгон жер титирөөдө 528 адамдын жабыркаганы маалымдалды.

Батыш Азербайжандын губернатору Мохаммед Садык Мутедедиян Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берип : «Батыш Азербайжан облусунда 10 чакырым тереңдикте болгон жер титирөөдөн 528 адам жаракат алды. Жабыркагандардын 135и ооруканага жаткырылды»,-  деди.

Мутмедиян  жер титирөөлөрдөн улам элет жеринде 50 үйдүн толугу менен кыйраганын, 500гө жакын үйдүн чыгымга учураганын айтты.

Иран мамлекеттик телеканалы Түркия чек арасына жакын Хой шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:51де күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.

Кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) эпицентри Вандын Башкале районуна болжол менен 62 километр алыстыкта ​​экени аныкталган жер титирөөнүн күчү 5,6 баллга жеткенин жарыялады.

Соцтармактагы билдирүүдө жер титирөөнүн Ван жана Хаккариде да сезилгени белгиленди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз