Суббота, 20 апреля

Башкы прокуратура Бишкек мэриясын текшерди

0

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасында» текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнү жыйынтыгында 154 млн 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталган.

«Тактап айтканда, аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, башка жөнөтүүчүлөрдүн катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук соодалашуу өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда «ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD» компаниясы менен 1 даанасы 91 миң доллар, жалпы суммасы 10 млн 920 миң долларга 120 даана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн. Мындан тышкары, конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөрү, автобустарды жеткирүү Кыргызстандын чек арасына чейин гана жүргүзүлөрү мыйзамсыз белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, натыйжада, бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 миң 339,5 долларды түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи конкурстун катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 миң 889,5 долларга, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 млн 906,7 миң долларга же 154 млн 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн.

«Ошондой эле, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамынын жана конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан, муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. жеке өзү мыйзамсыз түрдө «ZH.B.H. CO LTD» компаниясына келишимдик баанын 10%ын, башкача айтканда 1 млн 92 миң доллар өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 339-беренеси («Атайылап пайдасыз келишим түзүү») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз