Суббота, 18 мая

Украинадагы кырдаалга оордошууда. Кыргызстандын элчилиги ишеним телефонун уюштурду

0

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги тарабынан ишеним телефону уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишеним телефону КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Украинанын аймагында жашаган кыргызстандык жарандар үчүн уюштурулду, алар консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат.

«Элчилик Украинада убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта. Алдын ала маалымат боюнча, КР жарандарынын арасында жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

КР ТИМи кыргызстандыктарды төмөнкү номерлерге кайрылууну эскертет: Кыргызстандын Украинадагы элчилиги: +380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу; КР ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефону +996 551 312 000 («WhatsApp»).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз