Понедельник, 20 мая

Мамбетжунус Абылов: Суунун башында Өзбекстан туруп калганы калды

0

Кыргызстандын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Мамбетжунус Абылов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ ЖКда келтирген жүйөлөрдү жокко чыгарган билдирүү жасады. Ал Кыргызстанга өтүп жаткан жерлер боюнча мындай ою менен бөлүштү:

«Бизге берилип жатканы айтылган жерлер мурда Кыргызстандыкы болгон. Ошол эле Гавасайдагы 12 миң гектар кыргыздарга карап турган. Убагында райондун деңгээлиндеги чечим менен Өзбекстанга өтүп калган. Убактылуу колдонууга берилген жерлер болгон. Эми кошуна өлкө биздин жерлер менен эле соода жүргүзүп атышат. Алардын ар биринин тарыхы, таржымалы башка. Кемпир-Абадга кошпой караш керек болчу. Анын үстүнө Кемпир-Абад азыркы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү болчу. Эми Өзбекстан суунун башы болуп калат. Суунун баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп атат. Кишинин саны көбөйгөн сайын баасы өсүп жатат».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз