Воскресенье, 19 мая

Орусия Киевге жасаган чабуулуунда 84 канаттуу ракета колдонду

0

Орусиянын Украинанын борбор шаары Киев менен кошо 8 аймакка кол салууларында каза болгондордун саны 11ге, жаралуулардын саны 64кө жеткени билдирилди.

Орусия тарабынан Крым көпүрөсүнө кол салуудан Киев режими жооптуу көрсөтүлгөндөн кийин эртең менен орус армиясы Украинанын борбор шаары Киев баш болгон көптөгөн шаарларга ракеталар менен кол салды.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы ракеталык чабуулдардан кийин каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу жаңы билдирүү жасады.

Билдирүүдө өлкөнүн энергетика инфраструктурасынын өзгөчө ракеталык чабуулдар менен бутага алынганы белгиленип, «Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата Орусиянын ракеталык чабуулдарынын жыйынтыгы боюнча бомбалоонун натыйжасында 8 аймакта, анын ичинде Киевде маанилүү инфраструктуралык объектилерге сокку урулду. Террордук чабуулдардын натыйжасында 11 адам каза болду жана 64 адам жабыркады. Львов, Полтава, Сумы жана Тернополь сыяктуу 4 облустта электр жарыгы жок. Калган аймактарда электр жарыгы жарым-жартылай үзгүлтүккө учурады.Өрттү өчүрүүгө миңден ашык кызматкер жана 120 техника тартылды», — делди.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы тараткан көрүнүштөргө караганда аянтка жана шаар көчөлөрүнө орус ракеталарынын түшкөнү, бул кол салуулар учурунда көчөлөрдөгү унаалар жана жарандардын үйлөрү да ракеталардын бутасына алынганы белгиленди.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы Орусиянын бүгүн эртең менен Украинанын ар кайсы аймактарына карай кол салууларында 84 канаттуу ракета жана 24 учкучсуз учуучу аппаратты колдонгонун жарыялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз