Воскресенье, 19 мая

Эрдоган менен Путин бүгүн Астанада жолугат

0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин бүгүн Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушарын айтты. Сергей Лавров Россия  1  каналында маалымат берди. Лавров Түркиянын Украина менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу тууралуу: «Эрдоган менен Путин бул жумада (12-13-октябрь) Астанада (Азияда кызматташуу жана ишеним арттыруучу  чаралар конференциясынын 6-саммитинин негизинде) жолугушат, бул жыйын бул маселелерди сүйлөшүү үчүн бир мүмкүнчүлүк», — деди.

Москванын ар кандай сүйлөшүү сунуштарын угууга даяр экенин, бирок алгач демилгелердин мазмунун билиши керектигин баса белгилеген Лавров: «АКШ президент Жо Байден менен Путин жолугушуусу сунушун киргизе турган болсо карап чыгабыз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз